ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2018-жылдын 25 - сентябры № 17/2
“Муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби боюнча ЖОБОну бекитүү жөнүндө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын курамында турган менчик обьектилерин башкаруу максатында , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына , “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан “Муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө” ЖОБОну бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО бекитилсин.
2.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чолпон айыл өкмөтунө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмо калтырамын.
Төрага | Д.Абдраимов |