Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25 - сентябры № 17/5
”Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдон түшкөн аренда акысын” бөлүштүрүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы –башкы эсепчи А.Усубалиевдин ”Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдон түшкөн аренда акы каражатын бөлүштүрүү жана ” ҮчүнчүБүткүл дуйнөлүккөчмөндөр оюнуна” бөлүнгөн каражатты ”Улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150-жылдык мааракесине карата” уюштурулган маданий иш-чараларга которуп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдон түшкөн аренда акысы 280 000-00(эки жүз сексен миң) сом акчакаражаты төмөндөгү тартипте “Ар кандай чыгымдар” беренесинен жумшалсын:
Багыты | Баасы | Суммасы (сом) |
5(беш) даана көпүрө оңдоого цемент | 6000-00 | 30 000-00 |
5(беш) даана көпүрөгө шагыл төгүу 15 кузов | 3000-00 | 225 000-00 |
Сагынбай Орозбак уулунун 150-жылдык мааракесин өткөрүүгө карата маданий иш чарага | - | 10 000-00 |
Ар кандай чыгымдарга | - | 15 000-00 |
Баары: |
| 280 000-00 |
2. Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна каралган 30 000-00(отуз миң)сом акча каражаты Улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150-жылдыгына карата уюштурулган маданий иш-чараларга которулуп берилсин.
Төрага | Д.Абдраимов |