Загрузка документа…
АК – ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июлу № 8
“Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн Өрүк-Зар айылындагы “Алихан-Өрүкзар” балдар бакчасын ремонттоо жана инвентар сатып алуу жөнүндө”
Өрүк-Зар айылындагы “Алихан-Өрүкзар” балдар бакчасын 2018-2019-жылына даярдыктар көрүүгө ремонттоо жана инвентар сатып алуу үчүн Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ак – Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүк-Зар айылындагы “Алихан-Өрүкзар” балдар бакчасын 2018-2019-окуу жылына даярдык көрүүгө ремонттоо жана инвентар сатып алуу боюнча даярдалып жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 48000 сом ажыратылып, өздүк салым катары берилсин.
2.Ушул буйруктун аткарылышы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Төралиевге милдеттендирилсин.
3.Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Имаров |