Загрузка документа…
АК – ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июлу № 9
“Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы Орун Абдрахманов атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылоо жөнүндө”
Жаңы-Жер айылындагы Орун Абдрахманов атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылоого жана мектепти 2018-2019-окуу жылына даярдык көрүүгө долбоор даярдоо Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ак – Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы Орун Абдрахманов атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылоого жана мектепти 2018-2019-окуу жылына даярдык көрүүгө боюнча даярдалып жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 286985 сом ажыратылып, өздүк салым катары берилсин.
2.Ушул буйруктун аткарылышы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Төралиевге милдеттендирилсин.
3.Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Имаров |