Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11 - июну № 5
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 19 – мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде”
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак – Турпак айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу максатында Өрүкзар айылынын “Түтөк” участкасындагы таштуу жайыт болгон 15,30 га жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,15-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссиянын 07.06.2018 – жылдагы № 4 протоколуна негиз, айылдык кеңештин сессиясы карап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 19 – мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Ак – Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылындагы “Түтөк” участкасында өндүрүштүк муктаждыктарды чечүү максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которулсун.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак – Турпак айы өкмөтүнүн айылдык кеңешинин жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Имаров |