Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 125
“2018-жылдын бюджетинде колдонулбай турган акча каражатын пайдалануу жөнүндө”
Арал айыл өкмөтүнүн каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаеванын 2018-жылдын бюджетинде колдонулбай турган акча каржатын пайдалануу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын бюджетинде колдонулбай турган акча каржатын айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдөй жумуштарды аткарууга жана иш-чараларды өткөрүүгө жумшалсын. Алар:
- Бюжеттин 3111 –статьясында каралаган 724 миң сом маданият үйүн ремонтуна бөлүнгөн өздүк салым үчүн бөлүнгөн акча каржатынын 53500 сому маданият үйүн ремонттоо үчүн смета түзүүгө;
- 23000 сому жайыт комитетинин АРИС ке өткөн долбоорлорунун өздүк салымына жетпеген акча каражатын толуктоого;
- 18 миң сому айылдагы Кулуш мечитине 420 метр электр чубалгысы менен камсыздоого жумшалсын.
2. 2018-жылдын бюджетинде каралган жайыт комитетинин бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн 48500 сому жайыт комитетинин АРИС тарабынан каржыланган долбоорлоруна жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |