Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 124
“2017-жылдан ашкан эркин каражатты пайдалануу жөнүндө”
Арал айыл өкмөтүнүн каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаеванын 2017-жылдан ашкан 149,3 миң сом эркин каражатты пайдалануу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдан ашкан 149,3 миң сом эркин каражаты айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдөй жумуштарды аткарууга жана иш-чараларды өткөрүүгө жумшалсын. Алар:
- 70444 сомду айыл аймагындагы эки мектепти, бала бакчаны , айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана кичи футбол аянтын түнкү жарыктандырууга лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн;
- 24500 сому айыл аймагына курулуп жаткан кой мончонун АПУ жана долбооруна;
- 25000 сому республикалык деңгээлде өткөн “Көчмөндөр оюну” иш-чарасынын уюштуруу маселесине;
- 29400 сому Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине барып катышуу үчүн уюштуруу иш-чараларына жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |