Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 122
“Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин .
2. Арал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин .
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Апышовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т.Асанов |