Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 120
“Арал айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө”
Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, аброюн жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана өз алдынча чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексине ылайык иштелип чыккан Арал айылдык кеңешинин этика кодекси бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жекшеналиева Насипканга жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т.Асанов |