Редакцияот 23.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезексиз XIV -сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 119

“Арал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Арал айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин регламенти бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алуу жана бекитилген регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Арал айылдык Кеңештин Аксакалдар Сотунун башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Т.Асанов