Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 118
“КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2018-жылдын 8-октябрындагы №283/б буйругун жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 15-октябрындагы №196 буйругун Арал айыл Кеңешинин аймагында аткарууга алуу жөнүндө”
КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2018-жылдын 8-октябрындагы № 283/б буйругун жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 15-октябрындагы №196 буйругун Арал айыл Кеңешинин аймагында аткарууга алуу жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жашылдандыруу багытында түзүлгөн комплекстүү долбоорлорду колдоо максатында айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жергиликтүү бюджеттен 15 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Н.Т.Асанов |