Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26 - сентябры № 33
“Айдаралиев айылдык аймагындагы коомдук уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жакшыртуу үчүн айыл өкмөтүнүн борбордук бөлүгүндөгү имаратты капиталдык ремонттоо жөнүндө”
Айдаралиев айыл аймагындагы коомдук уюмдарынын жана жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Айдаралиев айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы,КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын принциптерин жана алардын иштерин жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөзүү жөнүндө долбоорун даярдаган Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап:
Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында ,Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган имаратты капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн долбоордун жалпы сметалык баасы 3 367 386 (үч миллион үч жүз алтымыш жети миң үч жүз сексен алты) сом ; өздүк тартылган каражаттардын суммасы: 505108 (Беш жүз беш миң бир жүз сегиз)сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Каржы министрлиги тарабынан берилүүчү дем берүүчү гранттарда муктаждык: 2 862 278 (эки миллион сегиз жүз алтымыш эки миң эки жүз жетимиш сегиз) сом суралсын.
2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансындагы,Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоордун өздүк каражатынын бөлүгүн 505108 (Беш жшз беш миң бир жүз сегиз) сомдук өздүк салымды Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2018 жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында,Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган тимаратты капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн долбоорду,Талас райондук түрткү берүүчү грант боюнча комиссиясына сунушталсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы жана анын аткарылышы боюнча Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Замирбек Бейшеновичке тапшырылсын.
Төрага | Ч.Айдаров. |