ТоктомКүчүндө

Айдаралиев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26 - сентябрындагы № 34 «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди кароо жөнүндө» токтому

Редакция26.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26 - сентябры № 34

“Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди кароо жөнүндө”

Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындадагы № 145 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен тзүлгөн типтүү келишимди карап ,талкуулап чыгып Айдаралиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 штаттык бирдик бекитилсин.

2.    Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүү киригизилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Б.Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

Айдаров.Ч.А