Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31 - октябры № 35
“Андаштан” жер салыгына түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Андаштан жер салыгына түшкөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Айдаралиев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көпүрө-Базар балдар бакчасынын электр жылыткыч системасын,суу түтүктөрүн,канализациясын жана электр тетиктерин орнотууга 3млн(үч миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Ылдый жактагы балдар бакчасынын косметикалык ремонту жана суу жылыткыч системасын орнотуу үчүн 200 000 (эки жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Жолдун өйдө жагындагыйылдын жашоочуларынын көчөсүнүн жер алдынан чыккан суунун деңгээлин азайтуу максатында “Жаңы-Арык” менен “Солто” арыкты кошуп кеңейтүү үчүн 600 000(алты жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Жайытка АРИС проектиси менен келип жаткан Жайыттарды башкарууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча алына турган атайын техника( “погрузчик”) сатып алууга өздүк салымга 800 000(сегиз жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5.ГСВ №10 дарыгерлер борборундагы тез жардам автомашинасына дөңгөлөк жана авто тетиктерди сатып алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага | Айдаров.Ч.А. |