Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31 - октябры № 36
“Айдаралиев айыл аймагынын коомчулуктун Жайыт пайдалануу жана башкаруу бирикмесинин 2017-2021-жылдарга орто мөөнөттүү планы жөнүндө”
Жайыт пайдалануу жана башкаруу бирикмесинин 2017-2021-жылдарга орто мөөнөттүү планын карап,талкуулап чыгып Айдаралиев айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айдаралиев айыл аймагынын Жайыт пайдалануу жана башкаруу бирикмесинин 2017-2021-жылдарга орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
2.Бекитилген планды толугу менен аткаруу жагы Айдаралиев айыл аймагынын Жайыт пайдалануу жана башкаруу бирикмесине милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковдун кайрылуусунун негизинде айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосунда типтүү келишим бекитилсин жана келишимдин шарттарын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы З.Сыдыковго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жайыт пайдалануу жана башкаруу бирикмесинин төрайымы Карачалова Нургүлгө жүктөлсүн.
Төрага | Айдаров.Ч.А. |