Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 2
“Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине тийиштүү болгон жерлерди, гараж жана устакананы (мастерской) конкурс же аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө”
Семеновка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын күн тартибине коюлган, муниципалдык менчиктеги объектилерди конкурс (аукцион) аркылуу ижарага берүү туралуу айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушун карап чыгып, талкуулап, айтылган сунуш, пикирлерди эске алуу менен төмөндөгүдөй
Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл аймагынын балансында турган муниципалдык объектилерди конкурс (аукцион) аркылуу ижарага берүү үчүн айыл өкмөт башчысынын түзгөн комиссиянын курамы бекитилсин.
2. Түзүлгөн комиссиянын курамы, ижара акысын тийиштүү жобонун негизинде иш алып барып, аныкташсын.
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Раимбеков Эрлан Табылдиевичке жүктөлсүн.
4. Токтомдун көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Молдогазиев |