Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-декабры № 1
“Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу” Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону карап жана талкуулап Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбековко жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |