Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 70
«Малды идентификациялоо кызматына эмгек акысын бекитүү жөнүндө»
Айыл Кеӊешинин XXVII- чакырылышынын VIII- сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча ветеринар К.Т.Усуповдун билдирүүсүн угуп,карап чыгып талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагынын ири мүйүздүү малдарын идентификациялоо кызматынын эмгек акысы 30 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Токтомдун аткарылышы ветеринар К.Т.Усуповго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башчы У С Апсатаровго жүктөлсүн.
4.Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.Б.Исмаилов |