Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № 72
«Абдрахманов айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30даги № 75 «Муниципалдык кызмат жонундо» Мыйзамынын 6 бөлүмүнүн 31 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл Ɵкмөтүнүн ФЭБнун башчысы К.Исабаевдин айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Абдрахманов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Абдрахманов айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 15 % пайыз өлчөмүндө акча-каражаты кошуп берүү жагы каралсын.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык юстиця башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Абдрахманов айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Апсатаровго жана ФЭБнун башчысы К.Исабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Исмаилов |