Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу № 27
«2018-жылдын 2-8-сентябрында өтүүчү көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү жөнүндө»
Айыл кенешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча ФЭБ башчысы К.А.Исабаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап,айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2018-жылдын2-8-сентябрында III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку денгээлде өткөрүлүшүнө даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 8-августундагы № 1/1-1694-катын аткарууга алып,айыл аймагынын көчөлөрүн иретке келтирүү,бак-дарактарды кыюу жана актоо,штакетниктерди сырдоо иш-чараларына атайын каражатта турган 15,000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы К.А.Исабаевге жүктөлсүн.
3.Токтом райондук ММКна жарыялансын.Облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | А.А.Исмаилов |