Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 36
“Боз-Учук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы туралуу жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекетик агенттигинин 2018-жыл 17-октябрындагы №01-18\126 буйругу менен бекитилген типтүү жобону жетекчиликке алып жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы (мындан ары комиссия) туралуу Жобо бекитилсин.
2. Комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом жана Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жобону расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |
Тиркеме 1
Боз-Учук айылдык кенештин
2018-жылдын 23.11 № 36 токтому
менен бекитилди.
.
Боз-Учук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо
боюнча комиссиянын курамы
1.Мустапаев Э. – комиссиянын төрагасы,- айылдык кенештин укук коргоо жагна мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы,
2.Молдогазиева Н.А.- комиссиянын катчысы,- айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси,
3.Турсунбаев Т.С. – комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
4.Кангельдиев Б.С. - комиссиянын мүчөсү, айыл башчы,
5.Алышпаев Т.А. - комиссиянын мүчөсү, Аксакалдар сотунун төрагасы,
6. Жаилканов А. – комиссиянын мүчөсү, жаштар лидери,
7. Далбаева А.З. – комиссиянын мүчөсү, М.Жусупов орто мектебинин директору.
Боз-Учук айылдык аймагынын
айылдык кенешинин 2018-жылдын
23-ноябрындагы № токтому менен
бекитилди.
Боз-Учук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жонүндөгү кодексинде (Мындан ары Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жонүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык –техникалык жактан камсыздоо, жергиликтүү бюджетке каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан , Комиссиянын төрагасынын, төраганын орунбасарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кенештин депутаттары,
- мунициапалдык кызматчылар,
- айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, (макулдашуу боюнча),
10. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен , ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жаматтын өкүлдөрүӊөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жаматттын өкүлдөрүнөн:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз, же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар,
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган,
- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кенеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаӊы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14. Комиссиянын мүчөлөрүӊүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жаматтын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
-Комиссиянын мүчөсү муниципалыдк кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
-күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда ,
-Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам комиссиянын мүчөсүнүн кадыр баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда,
-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө,
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Респукбилкасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде,
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда ,
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекттин жарандыгын алганда,
-жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда,\
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырыып алганда токтотулат.
15. Комиссиянвын жаӊы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
16.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кенештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
17.Комиссиянын жаны курамы мурдагы курамынын ыйгарык укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
19.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша . (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерле Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап 10 күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
24. Комиссия , бузуу жөнүндө ишти карап чыгып :
А) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1.) жаза чарасын колдонуу жөнүндө,
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси),
3.) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө,
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26.Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
28.Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндөгү иштердин материалдары менен таанышууга,
-бузуу жөнүндөгү иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа беруүгө катышууга,
-комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга,
- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого,
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол койууга,
Төмөндөгүлөргө укуктуу :
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө,
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө,
-Кодексте каралган башка укуктарга ,
29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринин сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө,
-Комиссиянын отурумдарына төрагалык кылуу,
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү,
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) , ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол койуу,
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
- Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары , төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлектетик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары , кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамиледе Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө,
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга .
30. Комиссиянын төрагасынын орунбасары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары :
-Бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого, алдын ала даярдоонун уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат,
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы Комиссиясынын мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары :
-Бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат.
- Өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат.
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Келип түшкөн материалдарды , билдирүүлөрдү жана арыздарды , ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн массалык маалымат каражаттарына (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.
-Бузуулар жөнүндө протоколдорду , Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат.
-Комиссиянын мүчөлөрүн , бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат.
-Комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет.
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет.
-Аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат.
-Комиссия тарабынан чыгарылган ткотомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат.
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
-Комисиянын иш-кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат.
-Бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйыбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттулуукту жана статистикалык отчеттулукту жүргүзөт,
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
- Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттериин комиссиянын төрагасынын тапшыркуусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
32.Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү :
- Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын , жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн , адвокатынын , ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин , адистин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чнечилишигне тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуудар жонүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш-кагаздарын жүргүзүү.
33. Иш-кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик, Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
34. Эсеп журналдарынын сакталышы , аларга маалыматтардын өз убагында жана анык , так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайвндалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.(№3 тиркеме). Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда , Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого , бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ад эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо , Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү , атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет.
Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-Бузуулар жөнүндө протокол,жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган , келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган Комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
-бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.
Иштин номери каттоо журналындагы катар номерин жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турат.
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казыначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
- Бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы,
-Айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-Бузуунун жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4 тиркеме).
43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана , көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл.
Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдоонунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга , жеке жарандарга же кызмат адамдарына , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.