Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 10
«Үй курууга жер бөлүкчөсүн берүү боюнча коомдук угуунун чечимин бекитүү жөнүндө»
Боз-Учук айыл аймагында 14.02.2018-жылы үй курууга жер сураган жарандардын катышуусу менен коомдук угуу өткөн. Бул коомдук угуунун негизги максаты үй куруучулардын укугун коргоо жана жер участокторун бөлүп берүү болуп саналат. Коомдук угууда көтөрүлгөн маселелерди угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айыл аймагында үй куруучуларга участок берүүдө коомдук угуунун чечими төмөндөгүдөй шарттар менен бекитилсин:
-Эгерде үй ээсинин участогунан ашкан участоктор болсо биринчи иретте өз балдарына берилсин;
-Кыз балага шарты менен (эгерде күйөөгө тийип ажырашып келген , балдары бар болсо);
-мурда эле алынып бирок мыйзамдаштырылбай жүргөн болсо , ошол пайдаланып жүргөн участоктору мыйзамдаштырылып тийиштүү документтер берилсин;
- томолой жетимдерге , биринчи , экинчи топтогу майыптарга , көп балалуу болуп квартирада жүргөн болсо кезексиз берилсин;
-Жер участокторун мурда алып сатып жибергендер болсо жер участоктору берилбесин;
-1,3,4 пункттагылардан башка жарандар жалпы кезекке коюлсун.
2. Токтомду көзөмөлгө алып аткаруу Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |