Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-апрели № 14
“Малдын тарифин бекитүү жөнүндө”
Боз-Учук айыл аймагындагы айылдарда (Ново-Вознесеновка,Ичке-Жергез, Боз-Учук) болуп өткөн элдик жыйындардын «малды жайытка чыгаруу жана малга коюлган тарифтерди бекитүү» жөнүндөгү чечимдерин карап жана талкуулап Боз-Учук айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Боз-Учук айыл аймагында 2018-жылга малчыларга малды багуу тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин :
1.Бодо мал (субай,торпок,букачар)- 250_ сом тузу ичинде.
2.Жылкы -_250 сом тузу ичинде.
3.Кой – 50 сом тузу ичинде.
4.Эчки -_50_ сом тузу ичинде.
5.Бада -_250_сом.(жыл боюу, жайы-кышы тарифтер өзгөрүлбөйт.)
Ичке-Жергез айылынын бадасы -200 сом.(жыл боюу, жайы-кышы тарифтер өзгөрүлбөйт.) .
6. Малдын тузун көзөмөлдөө жайыттар комитетине, ветеринария кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2.Жайыт акысы ар бир баш малга төмөндөгүдөй белгиленсин :
1. Кой башына -12 сом,
2. Бодо малга жана жылкыга (уй, торпок) – 62 сом,
3. Жайыт акысы ар бир малчыдан алынсын.
3.Мал ээлери менен мал багуучулардын ортосундагы түзүлүүчү келишимдин долбоору бекитилсин. (долбоору тиркелет).
4. Боз-Учук айыл аймагынын малдын ээси , жайыттар комитети жана малчынын ортосундагы үч тараптуу келишимдерди түзүү жана көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына (Деркимбаев С., Акылбеков А., Кангельдиев Б.) жайыт комитетине (Токтосун уулу А.) , айылдар боюнча түзүлгөн административдик комиссияга тапшырылсын.
5.Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин.
6.Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7.Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |