Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-апрели № 15
“Жазгы талаачылык жумуштарынын тарифтери жөнүндө”
Боз-Учук айыл аймагындагы айылдарда (Ново-Вознесеновка, Боз-Учук) болуп өткөн элдик жыйындардын «жазгы айдап себүү иштеринин тарифтерин бекитүү» жөнүндөгү чечимдерин карап жана талкуулап Боз-Учук Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Боз-Учук айыл аймагында 2018-жылга жазгы айдап себүү иштеринин тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин (1 га жер үчүн).
Айдоо -_1000 сом, 25 литр солярка;
Мала -500 сом, 10 литр солярка
Себүү - 500_ сом, 10 литр солярка
Бороз кесүү -_200_ сом, _5_ литр солярка
Дары чачуу -500 сом, _5_ литр солярка
Сажалка -_2000 сом, 25_ литр солярка;
Престөө - _10 сом -1 түк, 10литр солярка
Косилка -_1000 сом, 10_ литр солярка
Культиватор -_500 сом, _10_ литр солярка
Капалка – -_4000 сом, _30 литр солярка
Комбайн чабуу- -_1000 сом, 20_ литр солярка
Огород 1 сот. – 10 сом соляркасы ичинде,
13. Тырмоо—500 сом, 5 литр солярка
2.Айыл чарба жерлерин иштетүүдө механизаторлордун кызмат өтөө эрежеси бекитилсин.(тиркелет.)
3.Ушул токтом ар бир трактористтин тракторуна чапталсын жана токтомду бузган механизаторлорго административдик чара колдонулсун.
4.Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин
5.Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6.Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айылдар боюнча түзүлгөн административдик комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |