Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-апрели № 16
“Ново-Вознесеновка айылындагы парктын ичинен мини футболдук аянтча курууга жер бөлүкчөсүн бѳлүп берүүгө уруксат берүү жѳнүндө”
Ново-Вознесеновка айылынын жаштарынын суроо-талабына ылайык мини футболдук аянтчасын курууга спорткомплекстин артынан жер бөлүкчөсү бөлүнүп берилген эле. Бирок спорткомплекстин аркасында септиктер орун алып мини футболдук аянтчага ылайыгы жок экендиги аныкталды. Ошондуктан Ново-Вознесеновка айылындагы парктын ичинен жер бөлүкчөсүн бѳлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап , айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ново-Вознесеновка айылындагы спорткомплекстин жанынан мини футболдук аянтча курууга жер бөлүкчөсүн бѳлүп берүүгө уруксат берүү жѳнүндөгү” 2018-жылдын 8-февралындагы № 7 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ново-Вознесеновка айылындагы парктын ичинен жайкы мини футболдук аянтча курууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчиктеги жерлерден 0,15 га жер бѳлүкчѳсү бөлүнүп
берилсин.
3. Мини футболдук аянтча үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө жана аны курууга тийиштүү органдардан берилүүчү уруксат кагаздарын бир айлык мѳѳнѳттѳ даярдоо жагы Ново-Вознесеновка айылынын айыл башчысы А.Акылбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |