Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-апрели № 17
“Боз-Учук айылындагы борбордук көчөгө түнкү жарыктарды орнотууга уруксат берүү жѳнүндө”
Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын Ново-Вознесеновка, Ичке-Жергез , Боз-Учук айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктарды (прожекторлорду) орнотууга жумшоого депутаттар бир добуштан колдошкон. Учурда Боз-Учук айылынын борбордук көчөсү болгон Бейшембек Мукашов көчөсүнө түнкү жарыктарды (прожекторлорду) койуу үчүн столбаларды орнотуу ишин баштоо үчүн тийиштүү АПУ , ИТУларды бүткөрүү зарылчылыгы келип чыгып отурат. Ошондуктан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиев билдирүүсүн угуп жана талкуулап , айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айылындагы борбордук көчөгө түнкү жарыктарды (прожекторлорду) койуу үчүн столбаларды жолдун жээгиндеги муниципалдык менчиктеги жерлерге орнотууга уруксат берилсин
2. Түнкү жарыктарга (прожекторлор) столба койуу үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө жана аны курууга тийиштүү органдардан берилүүчү уруксат кагаздарын бир айлык мѳѳнѳттѳ даярдоо жагы Боз-Учук айылынын айыл башчысы С.Деркимбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |