Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-апрели № 20
“Айыл өкмөтүнүн түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Боз-Учук айыл өкмөтүнүн түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш токтом кылат :
1.Боз-Учук айылдык кенештин 2017-жылдын 11-декабрында бекитилген айыл өкмөтүнүн түзүмүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 4 –августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна ылайык контракттык негизде кабыл алынган мал чарбасы жана ветеринария маселелери боюнча адис кызмат орду кыскартылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алып аткаруу Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |