Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы № 23
“Көрүстөнгө калтырылган жерлерди кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен чыгаруу жөнүндө”
2018-жылы мамлекеттик гипрозем органы тарабынан айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү. Жерлерди инвентаризациялоодо айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен 2009-жылдардагы транш менен берилген жерлерди , үлүшкө берилген жерлерди жана көрүстөндөргө берилген жерлерди чыгарып, кайрадан жердин картасын чийдиртүү керектиги келип чыкты. Бул боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боз-Учук айылы боюнча көрүстөнгө калтырылган 1073 контурдагы 0,54 га жерлер, Ичке-Жергез айылы боюнча 1105 контурдагы 1 (бир) гектар жер, 1152 контурдагы 0,30 га жер, 1148 контурдагы 0,60 га жер кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен чыгарылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге ФПСтин эсебинен чыгарылган , көрүстөн үчүн калтырылган жерлер боюнча тийиштүү маалыматты гипроземге берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |