Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-августу № 28
“Участкалык оорукананын имаратын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлк реестрине киргизүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 580 токтому менен бекитилген «муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүн тартибин» жетекчиликке алып , айыл аймагына караштуу Ново-Вознесеновка айылындагы участкалык ооруканага инвентаризация жүргүздү. Бул маселе боюнча тараптардын ой-пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кенеш тарабынан, айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ново-Вознесеновка айылында жайгашкан мурдагы участкалык оорукананын имараттарын Боз-Учук айыл аймагынын объекттери камтылган муниципалдык мүлк реестрине киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Ак-Суу райондук аймактык оорукананын жетекчилигине кат жолдонуп мурдагы участкалык оорукананын имараттарын айыл өкмөтүнүн балансына киргизип берүүсү суралсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |