Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 34
«Боз-Учук айыл аймагындагы суу маселелери жана счетчиктерди орнотуу жөнүндө»
Боз-Учук аймагындагы Ново-Вознесеновка жана Боз-Учук айылдарында суу маселеси өтө курч болуп жатат. Ново-Вознесеновка, Боз-Учук айылдарын тейлеген «Боз-Учук-таза суу» СООППВсынын бухгалтери Б.Деркимбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 18 беренесинин негизинде айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ново-Вознесеновка жана Боз-Учук айылдарынын калкын таза суу менен толук камсыз кылуу максатында ар бир таза суу пайдалануучунун эсебинен счетчик койулсун, счетчикти орнотууга төлөм акысы 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
2. Үйүнө сууну жаӊы киргизип жаткан таза суу пайдалануучуга биринчи төлөнүүчү взностун эсебинен счетчик койулсун.
3. Счетчик койулган люка уруксаты жок киргендерге мыйзам чегинде айып пул салынсын.
4. Пайдаланган суусу үчүн төлөм акыларын төлөбөгөн жарандардын суусу бекитилсин.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
7. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |