Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы чакырылышы) XVII сессиясы

2018-жылдын 30-ноябры № 73

“Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилери менен мүлктөрүн менчиктештирүү боюнча программасын жана менчиктештирүүгө тийиш болгон муниципалдык менчиктеги объектилердин тизмесин 2018-2019-2020-жылдарга бекитүү жөнүндө”

Шаардык мэриянын 2018-жылдын 9-июлундагы № 02-10/11-780 чыгыш сандуу каты жөнүндө шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жана мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап К Рнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги объектерди жана мүлктөрдү менчиктештирүү программасы бекитилсин (1-тиркемеге ылайык)

2.    Менчиктештирүүгө тийиш болгон муниципалдык объектилердин тизмеси бекитилсин (2-тиркемеге ылайык)

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                     

 

Төрага

К.Исмаилов

 

Сүлүкү шаардык кеңешинин XVII сессиясынын 

30.11.2018-ж № 73 токтомуна 1-тиркеме.

 

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги

объектилери менен мүлктөрүн 2018-2019-2020-жылдарга

менчиктештирүү боюнча

ПРОГРАММАСЫ

 

Муниципалдык менчиктеги объектилер менен мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча Программа Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, атуулдук (граждандык) кодексинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде иштелип чыккан.

Жеке менчиктештирүү программасы төмөнкүлөрдү белгилейт:

-          Муниципалдык менчиктер менен объектилерди, анын ичинде жер тилкелерин жеке менчиктештирүүнүн артыкчылыктарын:

-          Муниципалдык менчиктерди физикалык жана юридикалык жактардын жеке менчигине өткөрүү жолдору, методдору жана шарттарын белгилейт.

Муниципалдык менчиктердин объектилери шаардык кеңеш тарабынан жыл сайын бекитилүүчү жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болгон муниципалдык менчиктердин тизмесине ылайык муниципалдык объектилер кайра кайтаруу негизинде граждандык (атуулдук) жана юридикалык жактар тарабынан жеке менчиктештирилиши мүмкүн.

Муниципалдык менчиктеги объектилер менен мүлктөрдү менчиктештирүүгө даярдоо жана уюштуруу иштерин жүргүзүү муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Муниципалдык менчиктеги объектилер менен мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча Программа “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамдын 13-беренесине ылайык:

-          Муниципалдык менчиктер менен объектилерди, анын ичинде жер тилкелерин менчиктештирүүнүн абалын:

-          Муниципалдык мүлктөрдү менчиктештирүу методдорун тандоо жана алардын менчиктештирилиши жөнүндөгү чечимдерди чыгаруу тартибин:

-          Жеке менчикке берилип жаткан муниципалдык мүлктү баалоо тартибин:

-          Муниципалдык менчикте болгон мекемелерди менчиктештирүү долбоорун:

-          Жеке менчикке берилип жаткан муниципалдык мүлк үчүн төлөмдөрдү төлөө мөөнөтү жана каражаттарды бөлүштүрүү тартибин камтыйт.

II. Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары.

Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары катары төмөнкүлөр эсептелет:

-          шаардын экономикасынын эффектүүлүгүн (өндүрүмдүүлүгүн) жана айрым бир ишканалардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү:

-          кыймылсыз мүлктөр базарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү:

-          жеке менчик ээлеринин кеңири чөйрөсүн түзүү, кичи жеке ишкердүүлүк үчүн колдоо көрсөтүү:

-          конкуренттик продукцияларды өндүрүү үчүн шарттарды түзүү жана муктаждыкка мүмкүнчүлүк болгон же өтө муктаж болгон нерселер үчүн жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү:

-          рентабелдүү эмес ишканаларды кармоо үчүн бюджеттик чыгашаларды азайтуу:

-          менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды шаардын керектөөсу үчүн бюджеттик чыгашаларды оптимизациялаштыруу үчүн жумшоо.

III. Жолдору (методтору) жана шарттары.

2018-2019-2020- -жылдагы муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөү мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

Объектилерди максаттуу түрдө менчиктештирүү үчүн:

-          муниципалдык менчиктин объектилерин инвентаризациялоо (мүлк-каражаттарын каттоо):

-          объектилердин колдонулушу жана финансылык, техникалык абалдарын аныктоо.

муниципалдык менчиктин объектилери мүлк-каражаттарын каттоо жүргүзүү жана абалын аныктоо жыйынтыктарынын негизинде төмөнкү жолдор (методдор) аркылуу жеке менчикке берилет:

-          аукциондо сатуу, конкурс (портал):

-          кийин сатып алуу укугуна ээ болуу менен ижарага берүү:

-          ээлик кылган объектилердин уставдык капиталына салым кошуучу катары.

 

IV. Объектилерди жеке менчиктештирүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши.

 

Муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер жеке менчиктештирүү мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй түрлөргө (чектерге) бөлүнүштүрүлөт:

-          менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик объектилери жана мекемелер:

-          шаардык кеңештин чечими менен муниципалдык менчикке берилишинин токтотулушу жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылышына чейин менчиктештирилүүсү чектелген муниципалдык объектилер жана мекемелер:

-          менчиктештирилүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер.

 

V. Жеке менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик объектилери жана мекемелер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге кирген Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий баалуулук объектилери:

-          шаардык бюджет тарабынан камсыздалуучу маданият жана спорт объектилери:

-          медициналык мекемелер:

-          билим берүү мекемелери:

-          көрүстөндөр:

-          коомчулукту социалдык жактан коргоо системасынын уюмдары жана мекемелери:

-          шаардык автоунаа жолдору, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүн камсыз кылып туруучу тийешелүү мекемелер:

-          инженердик инфраструктура объектилери, анын ичинде электр, жылуулук жана газ менен камсыздоо, суу-канализация чарбалары ошондой эле, аталган объектилердин мазмунун түзүп, ишмердүулүктөрүн камсыз кылып туруу үчүн иштетилген уюмдар жана мекемелер:

-          жалпы коомчулукка тийешелүү жерлер жана жалпыга тийешелүү үйлөр жана алардын мүлктөрү:

-          парктар, скверлер (тратуарлар), дем алуучу жайлар:

 

VI. Шаардык кеңештин чечими менен муниципалдык менчикке бекитилген объектилер жана мекемелердин жеке менчикке берилишинин токтолушу жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылышына чейин жеке менчиктештирилүүсү чектелген муниципалдык объектилер жана мекемелер.

 

-          курорттук рекреакциялык чарбалар жана туризм объектилери:

-          оюн-зоок, коомчулукту кызыктыруу үчүн кызмат көрсөтүү объектилери:

-          почталык байланыш бөлүмдөрү:

-          шаардык посажирдик транспорт объектилери жана мекемелери:

-          ритуалдык кызмат көрсөтүү объектилери жана мекемелери:

VII. Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болгон муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер.

-          жашоону камсыздоо жана түрдүү кызмат көрсөтүү үчүн колдонулбаган эч ким жашабаган имараттар, кыймылсыз мүлк объектилери:

-          курулуп бүтпөгөн объектилер:

-          мончо кир жуугуч чарбалар:

-          ижарада турган жана адамдар жашабаган фонд объектилери:

 

VIII. Жеке менчиктештирүү тартиби жана кыймылсыз мүлк объектилерин баалоо.

Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болгон муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүү тартиби жана аларды баалоо муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүү жана аларды баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.

Муниципалдык мүлктөрдү сатып алуучулар тарабынан төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрү муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жана сатуу-алуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлөт.

Муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүүнүн негизинде түшкөн акча каражат кирешелери шаардык кеңештин чечимине ылайык шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн жумшалат.

Кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчиктештирүү жана баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

 

IX. Программаны ишке ашыруу механизими.

 

Программаны ишке ашыруу механизими шаардын чарбачылыгынын социалдык-экономикалык жактарынын (процессин) башкаруунун жалпы механизиминин бир бөлүгү болуп эсептелет. Программаны ишке ашыруу механизиминин негизги элементтери болуп: - программанын максатына жана милдеттерине ылайык башкаруу уюмдарды түзүу жана калыптандыруу:

- ачык-айкындуулук, жеке менчиктештирүү жарыянын (процессин) ачыктыгы менен иштөө, экономикалык жаңылануулардагы ар бир адамдын өз ордун жана ролун сапаттуу түрдө так жана туура түшүнүшүн калыптандыруу.

Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болгон объектилердин тизмесин түзүү жыл сайын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлөт жана шаардык кеңешке сунушталат.

 

Менчиктештирүүгө мүмкүн болгон объектилердин тизмеси муниципалдык менчиктин объектилерин жеке менчиктештирүү боюнча комиссия (мындан ары комиссия) тарабынан каралат жана шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.

 

 Сүлүктү шаарынын мэриясынын

 алдындагы ММБ башчысы:                                                                                                                                                                                                               С. Калакулов