Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 75
“Сулукту шаарынын аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын –июлундагы №01-28/88 буйругун аткарууга алуу максатында жана ушул буйрук менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин ТИПТУУ РЕГЛАМЕНТИНИН негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №10 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаардык аксакалдар соту жөнүндөгү Жобосу күчүн жоготту деп табылсын
2. Сүлүктү шаарынын аксакалдар сотунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К.Исмаилов |
Сүлүкү шаардык кеңешинин XVIIсессиясынын
30.11.2018-ж № 75 токтомуна 1-тиркеме.
Сүлүктү шаарынын аксакалдар сотунун ишинин регламенти
1. Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору өнүндө” Мыйзамына ( мындан ары Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана Сүлүктү шаарынын аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жөнгө салат .
2. Аксакалдар соту – бул ыктыярдуу башталышта жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо жана башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашыруучу коомдук орган.
3. Аксакалдар сотунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси), Кыргыз Республикасынын”Аксакалдар соттору жөнүндө ” Мыйзамы түзөт.
4. Ушул регламентте колдонулган терминдер
Аксакалдар сотунун мүчөсү- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган , элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде 5 жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, калк арасында кадыр баркка ээ, ишкердик жана адеп ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мучөсүн чыгарып салуу- талашып тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четттетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму- курамында аксакалдар сотунунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап- жабырлануучу же жоопкер
Аксакалдар сотунун чечими- ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу түрүндө чыгарылган токтому
Таасир көрсөтүү чарасы- ишти ( материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталаган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза
5. Аксакалдар соту жылына 1 жолу- июль айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл албайт, карабайт.
II глава . Аксакалдар сотун уюштуруу
6. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулушу жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Өкүлчүлүктүн нормасын жергиликтүү кеӊеш жана чогулуштун демилгечилери менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, мэрия аныктайт.
7. Аксакалдар соту 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү чогулуштарында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер соттун курамына шайланды деп эсептелинет.
8. Мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар соту эреже катары шаардын тургундарынын саны боюнча ар бир 25 минден адамга бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.
9. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
9.1. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш жарандардын демилгеси
боюнча өткөрүлгөн учурда, чогулуш өткөрүүдөн бир жарым ай мурда демилгечи топ чогулушту өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы менен макулдашат. Тиешелуу аймакта жашаган жарандарды шайлоо күнү жөнүндө кабарландыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан чогулуш болордон бир ай мурда жүргүзүлөт. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш өтөү тууралуу кабарлоо көчөлөргө, үйлөргө жана подъезддерге кулактандырууларды илүү, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын (ТОС) активи, жергиликтүү өз алддынча башкаруунун аткаруу органынын ( айыл башчысы, муниципалдык аймактык башкарма ) кызматкерлеринин көчөлөрдү жана үйлөрдү кыдырып айтуусу аркылуу ишке ашырылат.
Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерлер Мыйзамда аныкталган талаптарга жооп бериши керек жана калктуу конуштун аймагын толук камтуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аныктаган чөлкөмдүк бөлүктөрдүн ( квартал, көчө жана үйлөрдүн тобу ) ар биринен көрсөтүлүшү керек.
9.2. Жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн чогулушун чогулушта катышып жаткан жергиликтүү жашоочулардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланган чогулуштун төрагасы жана катчысы алып барат.
9.3.Аксакалдар сотун шайло боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны чогулбаган учурда, чогулушту өткөрүү ушул күнгө карата 15 күндөн ашык эмес белгилүү бир мөөнөткө которулат.
9.4. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны кайрадан чогулбаган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аймактын коомчулугунун (кварталдык же уй комитети, аялдар жана жаштар кеӊеши, ардагерлер кеӊеши ж.б. ) өкүлдөрү менен бирдикте тиешелүү аймактын жашоочуларынын ичинен аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтөт жана бекитүү үчүн жергиликтуу кеӊешке сунуштайт.
9. 5. Жергиликтуу жамааттын чогулушунда шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеӊештин токтомунун долбооруну жергиликтүү кеӊештин токтомунун долбоорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы – өкмөтү жана шаардын мэриясы даярдап жергиликтуу кенештин кароосуна киргизет. Токтомдун долбоору шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн чакыруу менен жергиликтүү кеӊештин жакынкы сессиясында каралат жана бекитилет.
9.6. Аксакалдар сотунун мучөлөрү бекитилгенден кийин 7 каллендарлык күндүн ичинде алар тарабынан өз курамынан акаксакалдар сотунун төрагасы жана катычысы шайланат . Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлоо боюнча аксакалдар сотунун отуруму ага аксакалдар сотунун курамы толугу менен катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелинет. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнн анын төрагасы жана катчысы уюштурушат.
9.2. Аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
9.3. Мыйзамдын 11 беренесинде жана ушул регламентте көрсөтүлгөн талаптарга ылайык шайланган аксакалдар сотунун төрагасы аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү тууралуу жергиликтүү кеӊештин төрагасынын наамына арыз менен кайрылат.
9.4. Мыйзамдын 12-беренесинде жана өзүнүн регламентинде көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү кеӊеш жаӊыдан түзүлгөн аксакалдар сотун эсепке алуу каттоосунан өткөрөт, жергиликтүү кеӊеш бекиткен үлгүдөгү аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүн, каттоо күбөлүгүн берет.
9.5. Мурда түзүлгөн аксакалдар соту кайрадан эсепке алуу каттоосунан өткөрүлбөйт жана ага каттоо күбөлүгү берилбейт.
10. Мыйзамдын 14-беренесинде каралган аксакалдар сотунун мүчөсүн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу жана чакырып алуу жөнүндө ченемди ишке ашыруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт
11.1. Ал чөлкөмдөн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу , чакырып алуу маселе көтөрүлүп жаткан аксакалдар сотунун мүчөсү шайланган тиешелүү аймактагы (тиешелүү калктуу конуштагы) жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү жергиликтүү кенешке анын жүктөлгөн милдеттерди аткара албоосун, же татыксыз жүрүм турумун, укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасоосун бышыктаган фактыларды же документтерди беришет. Алар соттун курамынан чыгарылып жаткан мүчөнүн ордуна өздөрүнүн аймагынан көрсөтүү үчүн жаңы талапкерди сунуштай алышат.
11.2. Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда курамдан чыгаруу, чакырып алуу тууралуу чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.
11.3. Курамдан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаны мүчөнү шайлоо Мыйзамдын 11-беренесинде, ушул регламенттин 5-6.1-6.3 –пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
III глава. Аксакалдар сотунда иштерди
(материалдарды) кароого даярдоонун жана кароонун
тартиби
11. Аксакалдар соту Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси), Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы менен аныкталган иштерди (материалдарды) карашат.
12. Аксакалдар сотуна келип түшкөн иштерди (материалдарды) кабыл алуу, кароого даярдоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
12.1. Аксакалдар сотунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү зарыл маалыматтарын көрсөтүү менен атайын журналга катчы же төрага (же атайын кыска мезгилге бекитилген соттун мүчөсү) тарабынан катталат.
12.2. Аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү келип түшкөн бардык иштерди (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдө ушул ишти кароо аксакалдар сотунун компетенциясына кирер кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгүн, соттун мүчөсүн соттун курамынан чыгаруу жөнүндө өтүнүчүн (хадатайствонун) бар же жок экендигин аныкташат.
12.3. Аныктоонун жыйынтыгында:
12.3.1.Мыйзамдын 15-беренесинде каралган, аксакалдар сотунун компетенциясына кирбей турган келип түшөн иштер (материалдар) соттун кириш-чыгыш каттарды каттоо журналдарына белги коюу менен коштомо катка тиркелип артка кайтарылат;
12.3.2.Аксакалдар соту ишти кароонун убакытын жана ордун дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
12.4. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсү ишти (материалды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт, сотко тартылган адамды, жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат, зарыл болгондо сотко тартылган адамды, жабырлануучуну, күбөлөрдү сурайт же алардан түшүнүк алышат.
Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
13. Ишти (материалдарды) кароо 16 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убагы жана орду тууралуу кабарландырат.
14. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун мөөнөтүн, убактысын, ордун дайындоону, сот отурумуна катышуучу адамдарды кабарлоону Мыйзамдын 16-17и беренелеринде көрсөтүлгөн тартипте аткарат.
IV глава. Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды)
кароосунун тартиби.
15. Аксакалдар сотунун иши отурум түрүндө өтөт. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер (материалдар) олуттуулугу боюнча каралат. Аксакалдар сотунун отуруму зарылчылыгына жараша, материалдардын келип түшүшүнө карата өткөрүлөт. Аксакалдар сотунун отурумун өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү иштерди Мыйзамда каралган мөөнөттөрдө кароону камсыз кылгандай болууга тийиш.
16. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер коллегиалдуу-соттун төрагасынын жана мүчөлөрүнүн катышуусу менен каралат
Аксакалдар сотторунун курамынын так эмес сандагы үчтөн экиси катышканда аксакалдар соту ишти кароого укуктуу. Отурумга катышып жаткан аксакалдар сотунун мүчөлөрү жуп санда болгондо жана алардын добушу теӊме-теӊ (барабар) болгондо төраганын добушу чечүүчү болот.
Соттук отурумда ишти карап жатканда пайда болгон ар кандай маселелер аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.
17. Аксакалдар сотунун катчысы сот отуруму башкталганга чейин паспортун же өздүгүн тактоочу башка документин текшерүү менен процесске катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
18. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун бир мүчөсү аксакалдар сотунун отурумун ачат, соттун курамын, карала турган ишти (материалды) жарыялайт.
19. Иштер (материалдар) ишке тиешелүү тараптардын, зарылчылыгы болгон учурда, мыйзамдуу өкүлдөрдүн сөзсүз (милдеттүү) катышуусу менен каралат.
20. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү ишти кароонун каалаган этабында тараптардын өз ара кабыл алына турган макулдашуусун кабыл алуү бүтүмгө келуу менен жарашуу мүмкүндүгү бар экендигин тараптардын эсине салып турушат.
21. Отурумду өткөрүүдө аксакалдар соту жабырлануучунун, анан жоопкердин түшүндүрмөлөрүн угат. Процесске катышып жатышкан күбөлөр жана башка адамдар соттун мүчөлөрүнүн талабы боюнча иш боюнча аныкталууга жаткан аларга белгилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды билдиришет.
22. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн сырткары иштеги башка далилдерди алышат жана талдап изилдешет.
V глава Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу
23. Аксакалдар соту ишти ( материалдарды) карап, чечим чыгарууда:
23.1. Ишти (материалдарды) карап бүткөндөн кийин аксакалдар сотунун мүчөлөрү ищтин бардык жагдайларын талдап чыгып, иш боюнча чечим чыгаруу үчүн отурум өтүп жаткан жерден катышуучуларды сыртка чыгарышат же болбосо өздөрү башка жакка чыгышат.
23.2. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышып жаткан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин айтат, жазат жана чечимге тиркелет.
23.3. Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча протокол жана токтом жазылат.
23.4. Аксакалдар сотунун протоколу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 229-231-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлгөнү максатка ылайыктуу
23.4.1.Протокол далилдик мааниге ээ болгон документ. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун отурумунун жүрүшүндө, ошондой эле отурумдан тышкары жасалган ар бир өз алдынча процесстик аракеттер баяндалат. Протокол так жана кыска, кош маанилуу болбогондой, процессте болуп откон бардык аракеттерди, сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн даана чагылдырып, отурумдагы териштирүүнүн жүрүшүндө болуп өткөн бардык окуяларды калтырып ( аттап кетпей), жазылышы керек.
23.4.2.Протокол компьютердик, электорндук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу түзүлөт.
23.4.3.Аксакалдар соту протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда же болбосо отурумдан тышкары айрым процесстик аракет жасаганда аудио жана видео жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет.
23.4.4.Протоколго сот отурумунун төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. Протокол соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
23.5. Аксакалдар сотунун токтому чечим түрүндө, жазуу жүзүндө чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жүйөө жана корутунду (резолютивдик) бөлүктөрүнөн турат.
23.5.1.Аксакалдар сотунун чечиминин киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аты, чечимди чыгаруунун убагы жана орду, соттун, ишке катышкан адамдардын курамы, талаштын предмети же укук бузуунун мазмуну, ишти аксакалдар сотунда кароого тараптардын макулдугу көрсөтүлөт.
24.5.2. Аксакалдар сотунун чечиминин баяндоо белугунде арыз ээсинин (доогердин) талаптары, же болбосо укук бузуунун маӊызы, коюлган талапка каршы пикирдин жүйөөлөрү, ишке катышкан адамдардын тушундурмөлөрү көрсөтүлөт.
24.5.3. Аксакалдар сотунун чечиминин жүйөө бөлүгүндө аксакалдар соту тарабынан каралган иш боюнча аныкталган жагдайлар аксакалдар соту тыянак чыгарууда таянган далилдер, ишке катышкан адамдардын укуктары жана милдеттери, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке какканда негиз болгон жүйөөлөр, чечим чыгарууда аксакалдар соту шилтеме берген Кыргыз Республикасыныи мыйзамдары жан башка ченемдик укуктук актылары камтылат.
24.5.4. Корутунду белугу каралган иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган тыянакты, чечимге даттануунун тартибин жана чечимди] аткаруунун мөөнөтүн камтууга тийиш. Корутунду бөлүгү аны аткарууда талаш чыкпагыдай так жана түшүнүктүү жазылышы керек.
24.5.6. Чечимге аны отурумда жарыялаганга чейин аксакалдар сотунун төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
24.5.7. Көапчүлүктүн чечими менен макул болбогон соттун мүчөсү бул чечимге кол коюшу жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндашы зарыл, өзгөчө пикир ишти олуттуу чечүүнүн олуттулугуна таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелет.
25. Мыйзамдын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй:
25.1. аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:
а) эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук уяткаруу жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну кунөөлүү тарапка милдеттендирүү;
д) акчалай жазапул салуу.
25.2. коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеӊири чечмеленүүгө жатпайт.
25.3. Таасир көрсөтүү чаралары аксакалдар соту тарабынан сотко тартылган адамдын күнөөсүнө ылайык жана өлчөмдүү түрдө, ушул маселеге тиешелүү мыйзамдардагы жана элдик салт-адаттардагы ченемдерди эске алуу менен дайындалат.
26. Каралып жаткан иштер (материалдар) боюнча соттук өндүрүш тараптардын жарашуу жөнүндөгү макулдашуга (бүтүмгө) келишине, арыз ээсинен тосмо арыз түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасыныи жарандык процесстик кодексинин ченемдерине, Мыйзамга ылайык токтотулат (кыскартылат) жана ал жөнүндө аксакалдар сотунун аныктамасы чыгарылат.
27. Аксакалдар соту тарабынан жазапул салуу жөнүндө чечим чыгарылганда аксакалдар соту укук бузуучуга соттун чечиминин көчүрмөсүн жана кабыл алынган формадагы жазапул квитанциясын берет.
28. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар сотунун катчысы чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүлүп турат.
29. Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда:
29.1. Мыйзамдын 32-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте аксакалдар соту мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз менен райондук (шаардык) сотко кайрылат;
29.2. мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүргөн көчүрмөсү ;
2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктоочу документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын көчүрмөсүн башка тарапка жиберүүнү тастыктаган тапшыруу жөнүндө кабарлама же башка документ;
4) арызга кол коюучу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ.
29.3. райондук (шаардык) сот тарабынан аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү Кыргыз Республикасыныи Жарандык процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
VI глава. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
30. Аксакалдар соту шаардык кеӊештен каттоодон өтүп, каттоо күбөлүгүн алгандан кийин 10 кун ичинде өзү жайгашкан шаардык сотко, шаардык ички иштер бөлүмүнө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, аксакалдар соту тууралуу кыскача маалыматты тиркеп кат жиберет.
31. Шаардык сот:
Мыйзамдын 34-беренесине ылайык: аксакалдар соттору менен байланыш жүргүзүп турууга, аларга усулдук жардам көрсөтүүгө жана окууларды өткөрүп турууга жооптуу бир судьяны буйрук менен бекитет;
31.1. аксакалдар соту шаардык кеӊештен каттоодон өткөндөн кийин бир айдын ичинде жергиликтүү мэрия менен макулдашып, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерин катыштырып, аксакалдар соттору үчүн нускамалык-усулдук семинар-кеӊешме өткөрөт.
31.2. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катыньн негизинде (эгер келип түшсө) өз кеӊсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;
31.3. аксакалдар сотунун төрагасынын отурумда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөөсүнүн жүрүшүндө аны тоскоолдуксуз кабыл алышат жана ага зарыл жардамдарды көрсөтүшөт;
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык:
31.4. аксакалдар соту кайрылган учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу боюнча зарыл көмөктөрдү көрсөтүшөт.
32. Аксакалдар соту кварталына бир жолу:
32.1. Шаардык сотко иштерди (материалдарды) карап чечим чыгаруудагы укук колдонуунун түшүнүксүз маселелери боюнча;
32.2. шаардык ички иштер бөлүмүнө сот отурумдарына укук бузган жоопкерлерди алып келүүнүн, сот отурумунда коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы боюнча, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча (мааалымат);
32.3. шардык мэрияга калган бардык маселелер, анын ичинде соттун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелери, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча (маалымат), каттарды жиберет.
33. Аксакалдар сотуна шаардык сот тарабынан көрсөтүлүүчү усулдук жардам ттөмөндөгү маселелерди түшүндүрүүнү камтыйт:
1) аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аракеттерин (башкача айтканда келип түшкөн арыздарды текшерүү, жабырлануучуларды, күбөлөрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылып жаткан адамдын өздүгү тууралуу маалыматтар ж.б.у.с.);
2) аксакалдар соту тарабынан иштерди (материалдарды) кароонун тартибин, кароонун мөөнөттөрүн;
3) сот отурумунун протоколун жүргүзүүнүн (процессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуунун, ошондой эле аксакалдар сотунун чечимине даттануунун тартибин;
4) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүүнүн;
5) аксакалдар соту тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана жаза берүүнүнн тартибин.
34. шаардык ички иштер бөлүмү;
34.1. өзүнүн буйругу менен аксакалдар соттору менен иштөөгө жооптуу кызматкерлерди, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бекитет;
34.2. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катыньн негизинде (эгер келип түшсө) өз кеӊсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;
34.3. Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды (укук бузуучуларды, жоопкерлерди, күбөлөрдү, зарыл болгон учурларда, арыз ээлерин) отурумга чакырууну, зарыл болгон учурда аларды мажбурлап алып келүүнү, соттук отурумда коомдук жана укуктук тартипти камсыз кылууну милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жүргүзөт.
35. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэрия:
1) жергиликтүү кеӊеш эсепке алуучу каттоо жүргүзүлгөндөн кийин аксакалдар сотуна анын аты жазылган мөөр берет;
2) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жана өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарын өткөрүүгө аксакалдар сотуна көмөк көрсөтөт;
3) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү өзүнүн чечимдери жана жергиликтүү кеӊштин токтомдору менен аксакалдар сотторунун төрагаларын тааныштырууну жүргүзөт;
4) аксакалдар сотуна иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгө жардам көрсөтөт;
5) зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун иш кагаздарын басып жана чыгарып берүүгө жардам берет;
6) мэриянын (мэриянын түзүмдүк бөлүмүнүн) буйругу менен аксакалдар сотунун отурумдарын өткөрүү үчүн имаратгы (имараттын ичиндеги бөлмөнү) туруктуу бекитип берет (ылайыгы келсе коомдук алдын алуу борбору менен бириктирсе болот);
7) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;
8) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда алар караган иштер боюнча материалдарды, эсептик каттоо тууралу күбөлүгүн жана мөөрүн жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
36. Аксакалдар соту каралган иштер дин (матерцалдардын) статистикалык эсебин жургузет жана жыл сайын жылдык статистикалык отчетун тиешелуу жергиликтуу кецешке жана райондук (шаардык) сотко женетет.
37. Аксакалдар соту жылына бир жолудан кем эмес ез ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын чогулуштарында, конференцияларында же өзүн каттоодон өткөргөн жергиликтүү кеӊештин сессиясында (тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда) отчет берет.
VII глава. Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүү
38. Аксакалдар сотун да кабыл алынган материалдарды (иштерди) эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер,| аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого катышуу үчүн адамдарга жиберилген кабарламалар, ж.б. маселелер боюнча журналдар жүргүзүлөт.
39. Журналдардын барактары номурланат, көктөлөт жана мөөр менен бекитилет.
40. Кабыл алынган материалдарды эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунун төрагасынын уруксатысыз өткөрүлүп берилбейт же колго берилбейт.
41. Журналдарды жүргүзүү жана сактоо, аларга жазылуучу маалыматтардын өз убагында жазылышы жана ишенимдүүлүгү үчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопкерчилик тартат.
42. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндө иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жоопкерчилик тартуучу соттун төагасы тарабынан ишке ашырылат.
43. Журналдарды жана иштерди (материалдарды) сактоонун мөөнөтү үч жыл жана бул мөөнөт өткөндөн кийин алар тизим (опись) боюнча мэрияга (муниципалдык аймактык башкармалыкка) өткөрүлүп берилет.
VIII глава. Аксакалдар сотторун материалдык- техникалык жактан камсыз кылуу
44. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун үчөлөрүн акчалай сыйлоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын эсебинен;
3) ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан спонсорлук жардам иретинде түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, каражаттардын эсебинен;
4) жергиликтуу кеӊеш, мэрия тарабынан түзүлгөн (табылган) бюджеттен сырткаркы акчалай жана материалдык каражаттардын, төлөмдүк жана башка женилдиктердин эсебинен.
45. Аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы аксакалдар сотунун төрагасы менен макулдашылган мэрия (мэриянын аймактык башкармалыгы) түзгөн сметага ылайык аксакалдар сотуна бөлүнүп берилет.
46. Аксакалдар соту кварталына бир жолу казыналыктун шаардык бөлүмү менен атайын эсепке түшкөн жазапулдар боюнча текшерүү(сверка) жүргүзүп турат.
Жооптуу катчы: | М.Джураева |