Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 77
“Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарынын этикалык кодексин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-июлундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө» № 01-18/89 буйругун аткаруу максатында Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарынын этикалык кодекси (мындан ары кодекс) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык кеӊештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ушул кодекске ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын
Төрага | К.Исмаилов |
Сүлүкү шаардык кеңешинин XVII сессиясынын
30.11.2018-ж № 77 токтомуна 1-тиркеме.
Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарынын этикалык кодекси.
Бул кодекс Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика- бул депутаттардындепутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм –турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. Жалпы жобо
II. Шаардык кеӊештин депутатарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери
1.1. Шаардык кеӊештин депутаттары (мындан ары депутаттар) тийиштүү шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жкмшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеӊештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шеек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнүн тийиштүү депутаттык эрежелери
2.1. Депутаггар жергиликтүү кеӊештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп- үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабаи иштиктүү жана жөндуу катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеӊеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теӊчиликтин негизинде жана эркин жамаатгык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар турдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.
2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйьндар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теӊтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууларга жол берилбейт. Жергиликтүү кеӊештин сессия жана комиссиялары өтуп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.
2.5. Депутаттар чыгып сүйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүнн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кеӊештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет
2.7. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеӊештин отурумдарына жүйөөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеӊештин терагасына маалымдап коюу керек.
Жүйөөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, маанилуу үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Жергиликтүү кеӊештин сессиясында каралып жаткан маселеде; катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеӊештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөөүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеӊештин иш-чараларына кечикпей келиши керек.
2.9.1. Жергиликтүү кеӊештин депутаттарына - отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, кун тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2 Депутат жергиликтүү кеӊештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеӊештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек
2.9.4. Депутаггар депутатгык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеӊеште сый акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз.
III. Депутаттардын шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги депутаттын
этикалык эрежелери
3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы жана шаардагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.
3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.
3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеӊештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга маалымдо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана объективдуу болушу керек.
3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депугаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
IV.Депутаттын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги депутаттык этиканын эрежелери
4.1. Депутатгар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кеӊештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.3. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеӊештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердуулугу менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
4.6. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
4.7. Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы журум-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
4.8. Депутаттар чет өлкөдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V. депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө этикасы
1.1. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин отурумунда, депутаттык угу|уларда, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
1.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.
1.3. Депутаттардын эл алдына чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен алардан кечирим суроого милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.
VI. Депутаттын этикалык кодексин сактоо боюнча көзөмөл жана аларды бузгандыгы үчүн депутаттын жоопкерчилиги
6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышы депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) көзөмөлдөйт
Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштуу чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2.Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеӊештин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймагынын, шаардын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт
6.7. Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеӊештин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата жергиликтүү кеӊештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кеӊеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
-депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген журум-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
-депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органдарына маалымдайт.
6.9.1.Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси жергиликтүү кеӊештин сессиясына чыгарылат.Жергиликтүү кеӊеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси одоно бузулгандыгын Жергиликтүү кеӊеш аныктайт.
6.9.2. Депутаттын жергиликтүү кеӊеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда, жергиликтүү кеӊештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү кеӊеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.
Жооптуу катчы: | М.Джураева |