СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) XVII сессиясы
2018-жылдын 30-ноябры № 78
“Сүлүктү шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2018-жылдын сметасындагы калган 1305,1сом акча каражатын башка мекеме ишканалардын керектүү болгон чыгымдарына жылдыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №276 “Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2018-жылдын сметасындагы калган 1305,1сом акча каражаты башка мекеме ишканалардын керектүү болгон чыгымдарына тиркемеге ылайык жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жага Кыргыз Республикасынын финансы министрлигининСуүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К.Исмаилов |
Сүлүкү шаардык кеңешинин XVII сессиясынын
30.11.2018-ж № 78 токтомуна 1-тиркеме.
Сүлүктү шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2018-жылдын сметасындагы калган 1305,1сом акча каражатын башка мекеме ишканалардын керектүү болгон чыгымдарына бөлүштүрүлүшү
К№ | Мекеменин аталышы | Беренелер | Суммасы |
1 | Сүлүктү шаардык мэриясы | 2212 | 20,0 |
| Сүлүктү шаардык мэриясы | 2215 | 66,0 |
| Сүлүктү шаардык мэриясы | 3111 | 200,0 |
2 | Сүлүктү шаардык мэриясы (льгота погребение) | 2721 | 100,0 |
3 | Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү мектептер | 2231 | 100,0 |
| Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү мектептер | 3111 | 130,0 |
| Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү (БЧБ) | 2222 | 18,5 |
4 | Муниципалдык менчик бөлүмү | 2215 | 103,5 |
| Муниципалдык менчик бөлүмү | 3111 | 492,0 |
5. | Маданият бөлүмү (маданият сарайы) | 2214 | 35,0 |
| Маданият бөлүмү (маданият сарайы) | 2211 | 40,0 |
| Жыйынтыгы: |
| 1305,0 |
Жооптуу катчы: | М.Джураева |