Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 79
“Сүлүктү шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукту кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, ОШ, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Сүлүктү шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукту аткарууга алуу максатында Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, ОШ, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Сүлүктү шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукта (мындан ары жазма буйрук) көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү иш чаралар түзүлүп аткарууга алынсын.
2. Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго;
- Жазма буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жана бюджеттик мекемелерде жана чарбалык эсептеги муниципалдык ишканаларда аныкталган каржы тартип бузуулары толук ордуна коюлуп, жергиликтүү бюджеттин кирешесине толукталышын камсыз кылуу;
- каржы тартибин бузган тийиштүү мекемелердин жана чарбалык эсептеги муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана башкы эсепчилеринин жоопкерчилигин кароо жагы милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеӊешке1 айлык мөөнөттө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К.Исмаилов |