Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 – жылдын 4 – декабры №19/76
“Диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын маалыматы жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2018–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2018–жылдын 15–ноябрындагы №32 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарында диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алып барып жаткан иштери жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарында стабилдүүлүктү камсыз кылуу менен социалдык–экономикалык абалды жакшыртуу максатында, шаардын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
-диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний агымдардын шаардын аймагына келишип ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө бөгөт коюу багытында шаардын мэриясынын, укук коргоо органдары жана шаардык хатибият менен биргеликте иш жүргүзүүсүн координациялоо жагы;
-диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча шаар тургундарынын, шаардын мэриясынын адистеринин, шаардын мэриясынын алдындагы коомдук консультациялык этностор аралык кеңешинин мүчөлөрүнүн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Кызыл-Кыя шаарындагы коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысынын катышуусунда төгөрөк столдорду, маектерди жана башка иш чараларды өткөрүү, ал иш чараларды шаардагы “ЮТС” телеканалы жана жергиликтүү гезиттер аркылуу чагылдыруу жагы.
3. Кызыл-Кыя шаарындагы диний уюмдардын документтерин Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна негиз ылайыкташтырууга көмөк көрсөтүү жагы шаардын вице-мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн. Аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын март айына чейин.
4. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө (Д.Матосмонова), жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилерине диний экстремизмдин алдын алуу боюнча студенттер, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тийиштүү укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргүзүү жагы колго алынсын.
5. Кызыл–Кыя шаардык хатибиятына (М.Кожониязов) шаардын диний кызматкерлери менен шаарда диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, муфтияттын уруксат кагазы менен гана келген дааватчиларга даават жүргүзүүгө уруксат берүү жагы сунушталсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |