Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 28/3
“Кара-Жыгач айылдык кенешине келип тушкөн арыздарын кароо жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Келип тушкөн арыздарды канааттандыруу муктаждыктарын чечүү максатында төмөндөгудөй акча каражаты бөлунуп берилсин.
1. Бердигулова Алтынбүнүн арызы канааттандырылып- 15(он беш)мин сом бөлүнүп берилсин. 2. ҮДТ жетекчиси Ө. Атеновдун арызы канааттандырылып- 35(отуз беш)мин сом бөлүнүп берилсин. 3.Чекиров орто мектебине- 80(сексен)мин сом бөлүнүп берилсин. 4.А.Молдокеев орто мектебине-40(кырк)мин сом бөлүнүп берилсин. 5.А.Кулубаев негизги мектебине-30(отуз)мин сом бөлүнүп берилсин. 6.Терме – Таш участкасына алыштардын башына суу алып кеткен жерди ондоо үчүн – 50(элуу)мин сом бөлүнүп берилсин. 7.Борбордук – Көчөнүн Кочкоров Арстаналы көчөсүндөгү суу алган жерине жана Ан –Сайдын түшө калышына суу алган жерин ондоп түзөөгө- 50(элуу)мин сом бөлүнүп берилсин. 8.Көк – Тонду участкасындагы көпүрөнү ондоо үчүн архитектуралык иш кагаздарын (смета,проект) даярдоо үчүн – 50(элуу)мин сом бөлүнүп берилсин. 9.Сыны бала бакчасына калган-186(бир жуз сексен алты)мин сом бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбеков |