ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2017-жылдын 15-февралы № 28/4
“Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамын жана айылдык кенештин регламентин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” жобонун негизинде татыктуу жарандарды сунуштаган мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын кенешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Жыгач айыл аймагынын социалдык –экономикалык онугуусуно зор салымын кошкон томонку жарандарга “Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1.Абрахман уулу Бакытбек-кара-Жыгач айылынын тургуну, жеке ишкер
2.Сулайманов Айтбай-Сыны айылынын тургуну
3.Каратаев Эмил-Кара-Ой айылынын тургуну.Ооган согушунун катышуучусу
4.Шерипбаева Дилбар-Сыны айылынын тургуну айылдык кенештин депутаты
5.Баизова Гуласыл-Кара-Жыгач айыл окмотунун аялдар кенешинин торайымы
6. Матанова Уулжан-Кара-Жыгач айылынын тургуну
7.Ташкулова Шайыргул-Кара-Жыгач айыл окмотунун жооптуу катчысы
2.Жогорудагы Кара-Жыгач айыл аймагынын атуулун сыйлоо боюнча кеткен чыгымдарын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин
мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Назарбеков |