КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2018-жылдын 12-февралы № 1/3
“Кара- Жыгач айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык , Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айылдык кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрге киргизүү жагы жооптуу катчы-Ш.Ташкуловага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Б.Алимбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Каратаев |