Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июну № 2/1
«Кара- Жыгач айылдык кеңешинин регламентин типтүү регламентинин негизинде кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык жана Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдык кенешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында КР нын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктиги тарабынан жетекчиликке алуу үчүн берилген айылдык кенештин типтүү регламентинин негизинде түзүлгөн Кара-Жыгач айылдык кенешинин регламентин талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айылдык кеңешинин регламенти,айылдык кеңештин типтүү регламентинин негизинде кабыл алынсын.(Регламент тиркелет).
2.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрге киргизүү жагы жооптуу катчы-Ш.Ташкуловага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасынын орун басары З.Байгондуевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |