Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 2/1
“Кара-Жыгач айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык жана Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдык кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жетекчиликке алуу үчүн берилген Айылдык кеңештин Типтүү регламентинин негизинде түзүлгөн Кара-Жыгач айылдык кеңешинин регламентин талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айылдык кенешинин регламенти,айылдык кенештин типтүү регламентинин негизинде кабыл алынсын.
2. Кара-Жыгач айылдык кенешинин регламентин иштеп чыгып, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1.Мазакеев Шайымбек
2. Назарбеков Анаралы
3.Биримкулов Тынчтыкбек
4.Карабаев Асылбек
5.Калчабеков Алмазбек
2.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкулова жүктөлсүн.
3. Түзүлгөн комиссиянын курамы Кара-Жыгач айылдык кенешинин регламентин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, киргизилген толуктоолор, өзгөртүүлөр боюнча айылдык кенештин депутаттарына билдирилип,көчүрмөлөрү таркатылып берилсин. Чыгымга кеткен каржылоо маселеси, айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары Б.Алимбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Каратаев |