Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты № 3/1
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетин жана 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жыла карата киреше булактарынын айрым түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин жалпысы 2283.8(эки миллион эки ж үз сексен үч мин сегиз жүз) сом жайыт ижара акысы үчүн 50.0( элүү мин) сом тендөөчү грант 4254.6( (төрт милион эки жүз элүү төрт мин алты жүз) сом жалпысы 6588.4 (Алты милион беш жүз сексен сегиз мин төрт жүз)сом суммасында кабыл алынсын.
2. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдардагы жергиликтүү бюджетинин трансфертинин болжолдуу көлөмү кабыл алынсын.
3.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгү , чыгаша бөлүгү кабыл алынсын
4. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө жайыт ижара акысы үчүн 50.0(элүү мин)сом болуп бекитилсин
5. Республикалык бюджеттен берилүүчү тендөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга каралып калган акча каражаты башка түрдүү статьяларга жумшалсын.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык салык эмес төлөмдөрүнүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча ай сайын акткарууну айыл өкмөтүнүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Републикасынын бюджеттик укутарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамдык 21- статьясына ылайык жалпы жылдык бюджетинин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1% ке чейинки же болбосо 65.3( алтымыш беш мин үч жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резерфдик фонду болуп бекитилсин.
8..Кыргыз Республикасынын 2013- жылкы 8-июль № 403 токтомуна негиз айыл өкмөтүнө статус алган айылдарга 5(беш) айыл башчыга жана 2(эки) аскер кызматкери жетектөөчү адистин денгээлинде калган штат бирдиктери менен жалпысы 21- тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
9. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018- жылга жүгүртүлүүчү накталай акча каражатына 200000-00(эки жүз мин)сом бөлүнүп бери лсин.
10. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
11.Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүлөрү жана аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине квартал сайын билдирүү бери п туруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Таласбаевге милдеттендирилсин.
12.Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана бюджетке өзгөртүүлөрдүү киргизүү айылдык кенештин сессиясына сунуштоо жагы айылдык кенештин бюджет экономика жана каржы комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Каратаев |