Редакцияот 28.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

X чакырылышынын кезексиз I сессиясы

2018-жылдын 28-майы № 1/3

“Кара- Жыгач айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык , Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негиз сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Жыгач айылдык кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

2.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрге киргизүү жагы жооптуу катчы-Ш.Ташкуловага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасынын орун басары З.Байгондуевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

Төрага

Ш.Мазакеев