Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июну № 2/2
“Кара- Жыгач айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык жана Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдык кенешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында КР нын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктиги тарабынан жетекчиликке алуу үчүн берилген айылдык кенештин типтүү регламентинин негизинде түзүлгөн Кара-Жыгач айылдык кенешинин регламентин талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин регламентин иштеп чыгып, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Балтабаев Б -төрага
2. Назарбеков Н-мүчө
3. Шерипбаева Д-мүчө
4.Калыбекова К-мүчө
5.Шакыев С-мүчө
2. Түзүлгон комиссиянын курамы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин регламентин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, киргизилген толуктоолор, өзгөртүүлөр боюнча айылдык кеңештин депутаттарына билдирилип,көчүрмөлөрү таркатылып берилсин.
3.Чыгымга кеткен каржылоо маселеси, айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасынын орун басары З.Байгондуевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |