Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну № 3/1
“Кара- Жыгач айыл аймагынын Шилби –Сай участкасында малга жууткана ачуу жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл аймагындагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Шилби-Сай участкасына жууткана ачууга уруксат берилсин.
2.Сманов Максаттын арызын канааттандыруу максатында Шилби-Сай жайытындагы 1978-1994-жылдары Кызыл-Туу совхозу пайдаланган “Беккер”чункурчасы турган жерден Беккерди калыбына келтирүүгө жана ошол жерге кой эчкиге жуут курууга 0,15 га жер аянтты трансформация жасоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Трансформация боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап, жумуш алып баруу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жер адиси- А.Сакабаевге милдеттендирилсин.
4.Жууткана ишке кирген күндөн баштап Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн балансына тартылсын.
5. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкулова жүктөлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |