Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну № 3/2
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинен калган калдык акча каражатын бөлүү жана 2018-жылдын бюджетинин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүү максатында жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн ички жасалгалоосуна 22154900 статьясынан 80000-00 (сексен мин) сом , биринчи жардам көрсөтүү окуусуна 8000-00 (сегиз мин ) сом, пожардык шитке материал алуу үчүн жана суу насосуна жана башка чыгымдарына 22221100 статьясынан 20500-00 (жыйырма мин беш жүз)сом. Баарысы 108500-00(бир жүз сегиз мин беш) сом бөлүнсүн.
2. Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына отчет берүү жагы айыл өкмөтүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет , экономика финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бузурмановго жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |