Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры № 6/1
“Кара- Жыгач айылдык кенешинин X чакырылышынын депутаты Б.Сапарбаевдин депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселе боюнча Кара-Жыгач айылдык кенешинин X чакырылышынын депутаты Б.Сапарбаевдин арызын карап жана талкуулап “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 22-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара- Жыгач айылдык кенешинин депутаты Б.Сапарбаевдин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу арызы канааттандырылып, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №1 Кара-Жыгач шайлоо участогуна депутаттыкка кезектеги талапкерди көрсөтүп берүү жагы Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсүн жана тиешелүү документтерин Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ш.Ташкуловага милдеттендирилсин.
4. Токтом Кара-Жыгач айылдык кенешинин сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |