Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры № 6/2
“Алимбеков Кубатбекке “Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамын жана айылдык кенештин регламентин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” жобонун негизинде татыктуу жарандарды сунуштаган мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясыны кенешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара- Жыгач айыл аймагынын тургуну Алимбеков Кубатбекке “Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Жогорудагы Кара-Жыгач айыл аймагынын атуулун сыйлоо боюнча кеткен чыгымдарын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |