Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры № 6/4
“№23 К.Чекиров орто мектебине кошумча класс куруу жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн К.Чекиров атындагы орто мектебине кошумча класс куруу үчүн 2019-жылга карата түрткү берүүчү грантына берилсин .
2. Түрткү берүүчү грантка өткөрүү боюнча тийиштүу документтерди даярдоо жана иш чараларды иштеп чыгуу жагы мектеп директоруна жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин билим берүү ,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |