КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2018-жылдын 7-декабры № 7/1
“Кара- Жыгач айылдык кенешинин депутаты Э.Балтабаевдин арызын кароо жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кенешинин X чакырылышынын депутаты Э.Балтабаевдин арызын карап жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 22-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айылдык кенешинин депутаты Э.Балтабаевдин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу арызы канааттандырылып, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №1 Кара-Жыгач шайлоо участогуна депутаттыкка кезектеги талапкерди көрсөтүп берүү жагы Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсүн жана тиешелүү документтерин Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы- Ш.Ташкуловага милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы - Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |